Чаткалдагы токой чарбанын башчысы УКМКнын кызматкерине пара берип кармалды
Токой чарбасынын жетекчиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысын УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармады.
Көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган. Бирок, Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6-июлда А.К.Д. Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.