«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын I утушунун жеңүүчүлөрү аныкталды

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын I утушунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Салык кызматынын лотереясынын I утушунун жеңүүчүлөрү өз байгелерин алышты. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!”
лотереясынын I утушунун жөңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу
аземин өткөрдү. Иш-чарага Салык кызматынын жетекчилиги, лотереянын биринчи турунун өнөктөштөрү болгон компаниялар жана жеңүүчүлөр катышкан.

Лотереянын өнөктөштөрү – “Мөл Булак”, “Тойбосс”, “Бай Дыйкан”
компанияларынын өкүлдөрү лотереянын жеңүүчүлөрүн куттуктап,
чектерди талап кылууну улантуу менен ак ниетсиз салык төлөөчүлөргө жана көмүскө бизнеске каршы күрөшүүгө салым кошуу зарылдыгын баса белгилешти.

Белгилей кетсек, лотереянын биринчи утушунун байге ээлери
өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 52 адам болду.
Анын ичинен 2 адам автомобиль утуп алышты.

Эрнист Жаңыбаев (KIA Rio автомобили) жана Аиза Жуманова (Hyundai Creta автомобили). Жаныбаевдин айтымында, ал Нарын облусунун Ат-Башы районунун жашоочусу жана анда 483 билет болгон. Убактылуу иштебейт, 4 баланын атасы.

Жуманова Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочусу, үй
кожойкеси, 2 баланын энеси
. Ал топтогон 7 билеттин ичинен бирөөсү байгелүү болду.

Дагы 10 адам iPhone 13 и iPhone 12, 10 адам Samsung А33
смартфондун ээси болушкан. Мындан тышкары, 5 муздаткыч, 5
телевизор, 5 микротолкундуу меш, 5 кир жуугуч машина, 5 чаң соргуч
жана Ысык-Көлдөгү пансионаттарга 5 жолдомо өз ээлерин табышты.

Белгилей кетсек, 1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын
“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталган. Утушка “Салым чек” тиркемеси аркылуу сканерленген кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 3 млн 449 миң 959 билет катышкан. Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы менен (рандом) аныкталган.

Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга