Дары-дармектердин таңгактарын өндүрүү үчүн алынып келчү чийки заттарды КНСтен бошотууну пландашууда

Дары-дармектердин таңгактарын өндүрүү үчүн алынып келчү чийки заттарды КНСтен бошотууну пландашууда

Кыргызстанга алып келүүдө КНСтен бошотулган дары-дармектердин тизмесине аларды өндүрүү үчүн чийки затты жана таңгактарды киргизүү сунушталууда. Токтом долбоору министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Долбоордун негиздемесинде бул өлкөнүн фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөөрүн, анткени кошуна Казакстан менен Өзбекстандын дары-дармек өндүрүүчүлөрү мурда эле окшош салык преференцияларына ээ экенин, бул алардын ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылыктарды берери айтылат.

«Даяр дары-дармек каражаттарын импорттоо КНСтен бошотулганын эске алганда, КРгы дары-дармектерди өндүрүүчүлөр кыйын жагдайда калып жатышат. Алардын продукциясы чет элдик аналогдорго салыштырмалуу баасы боюнча атаандаштыкка туруштук бере албашы мүмкүн“, – дешет демилгечилер.

Ошондой эле бул долбоордун ишке ашырылышы, албетте, өлкөнүн дары коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот деп айтылат негиздемеде.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө 3 млн сомдон ашык айып пул салынды

Ош облусунда 5-августтан бери “Нелегал” ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, рейддин алкагында милиция аймакта окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда болуу тартибин сактоосун текшерүүдө. Жыйынтыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланыштуу 3 кылмыш

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Эки үйү бар жарандар "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулунан четтетилет

Министрлер Кабинети 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун дайындоо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жардам менен камтууну кеңейтүүгө жана

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөндө маңзат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды

Өзгөн районунда ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө баңгизат колдонуп, унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, "Хундай Соната" үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1997-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран дарыгерлердин кароосунан өткөрүлүп, баңгизат колдонгону аныкталган. Айдоочуга

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-августта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Газ Бишкек шаарындагы Ильменск, Каракөл тар, Якутск көчөсү, Каракум көчөсүндө жана Ден Сяопин проспектисинде өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү