Доллардын расмий курсу менен комбанктардагы курстун айырмасы - Улуттук банк валютаны накталай эмес сатып алганында

Доллардын расмий курсу менен комбанктардагы курстун айырмасы - Улуттук банк валютаны накталай эмес сатып алганында

30-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев регулятордун долларга койгон расмий курсу менен комбанктар койгон курстун ортосундагы айырмага түшүндүрмө берди.

Жыйында депутат Дастан Бекешев доллардын айынан банк тармагындагы абал жарандарга карата жакшы эмес экенине көңүл буруп, бул тууралуу көп айтылып, бирок кырдаал курчуп баратканын айткан.

«Расмий курска карабай, тилекке каршы, доллар бир топ кымбат баада сатылып жатат. Доллар жана башка валюталарды сатуунун көмүскө базары буга чейин эле пайда болгон. Ал эми биздин жарандарга жардам бергендин ордуна, дагы көп тартыштыкты жаратып, базардан көбүрөөк доллар алып жатасыңар. Андан да чоң тартыштык акча алмаштыруучу жайларда дүрбөлөңгө алып келет. Сизде курс 79 сом болгону менен, акча алмаштыруу жайлары 84-85тен сата башташат», – деген Бекешев Улуттук банкты чара көрүүгө чакырган эле.

Бөкөнтаев Россияга накталай жана накталай эмес доллардын айырмасында болуп жаткан көйгөй Кыргызстанга да жайылып кетти деп жооп берген.

«Биздин өлкөдө накталай акчага салыштырмалуу накталай эмес долларлар көп. Биз накталай доллар сатып албайбыз. Биз накталай эмес акча менен гана сатып алабыз жана ошентип, термелүүнү тегиздейбиз. Бул жерде айырма болот. Сиз айтып жаткан Улуттук банктын курстарынын баары накталай эмес доллардан келип чыгат, биз акчаны накталай базардан сатып албайбыз», – деп жооп берген Бөкөнтаев.

Улуттук банктын башчысы кошумчалагандай, коммерциялык банктар накталай долларларды үзгүлтүксүз жана ири көлөмдө: миллиондогон долларларды алып келип турушат.

Ал эми Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 5-июлдагы брифингде акыркы учурдагы дагы бир көйгөй болгон банктарда накталай доллардын азайып баратканын геосаясий кырдаал менен байланыштырган. Анын айтымында, накталай эмес ири суммадагы долларлар Кыргызстанга которулуп, андан кийин ал накталай акчага айланып, өлкөдөн чыгарылып кетип жатат.

«Дагы бир көйгөй – долларды жеткирүү каналдары иштебей калды. Буга чейин накталай америкалык валютанын булагы Россия менен Казакстандын базарлары болчу», — деген эле ал.

Ошол эле аптада Улуттук банк жеке жактарга Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгып кетүүгө тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгелеген.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.

Эми болсо УБ бардык жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгелөөдө. Бул документ коомдук талкууга чыгарылган.

Ошол эле кезде акыркы чечимди минкаб кабыл алат.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга