«Кумтөрдөн» 262 млрд сом өндүрүүгө доо арыз жазган жаран желим иштетүүчү завод курду - акчаны «Кумтөр» берген

«Кумтөрдөн» 262 млрд сом өндүрүүгө доо арыз жазган жаран желим иштетүүчү завод курду - акчаны «Кумтөр» берген

Жети-Өгүз районунун Саруу айылында “Кумтөрдүн” колдоосу
менен желим калдыктарды кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта Кумтөр кенинде чогултулган жана сорттолгон бардык желим калдыктары ушул заводдо кайра иштетилери жана андан жемиш кутучаларын чыгарууну пландап жатышканы айтылат. Ишкана үчүн заманбап жабдуулар Беларуста чыгарылган жана аны сатып алууга жана Кыргызстанга жеткирүүгө каражатты “КГК” өзү берген.

Заводдун аталышы тууралуу маалымат жок.

Бирок белгилей кетчү нерсе, маалыматта – ишкананын жетекчиси Айбек Сарыбаев экени айтылган.

Айбек Сарыбаев деген ким?

 «Кумтөр» маселеси Айбек Сарыбаев, Нарис Калчаев, Аблас Жээнбеков жана Кемелбек Кутмановдун «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын үстүнөн жазган арызынын негизинде башталган. Активисттер ишкананын Кумтөр кенин иштетүүдө Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнө калдыктарды топтогонун мыйзамсыз деп таанып, мамлекеттин пайдасына кенемте өндүрүп берүүнү суранышкан.  

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 7-майда төрт адамдын «Кумтөр Голд Компани» (Centerra Gold Inc. алтын өндүрүүчү компаниясынын туунду компаниясы ) ЖАКна болгондоо арызын канааттандырган. Ага ылайык, «Кумтөр» кенин иштетүүдө Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө келтирилген зыяндар үчүн 261.7 млрд  сом, андан сырткары 1.3 млрд сом улуттук салык (пошлина) мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирилген.  

Берилген маалыматтарга таянсак, Сарыбаев менен бийликтин ортосунда жең ичинен макулдашуулар болгону байкалат.

Быйыл эле Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компанинин” миллиарддаган айып пулу боюнча чечимин жокко чыгарган. Президент Садыр Жапаров айып пулдун жоюлушуна жарым-жартылай комментарий берип, ал 4-июлдан кийин бул соттук териштирүү боюнча толук маалымат берүүгө убада берген эле.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга