Сингапурлук компания «АБН» ААКтын 6.15% акциясын сатып алды
Сингапурлук LOLC Financial Sector Holdings Private Limited микрофинансылык компаниясы «АБН» ААКтын 6.15% акциясын сатып алды. Келишим 5-июлда түзүлгөнүн Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Ачык булактардын маалыматына тансак, рынокто сингапурдук компания төрт жылдан ашык убакыттан бери иштеп келет. Ал 2018-жылдын май айында 45 миң доллар уставдык капиталы менен катталган. Компаниянын беш ээси бар.
«АБН» микрофинансылык компаниясы 1998-жылы октябрда кредиттик союз катары түзүлгөн. 2014-жылы «АБН» кредиттик союздан микрофинансылык компания болуп кайра түзүлгөн, анын максаты айылдарда да, шаарларда да жеткиликтүү жана ыңгайлуу финансылык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
Ресурстук база боюнча «АБНдин» негизги өнөктөштөрү болуп «Ойкокредит» (Нидерланд), «Гевар фонд» (Германия), МКК «Фронтиэрс» (Кыргызстан), «ФККС» ААК жана жергиликтүү коммерциялык банктар саналат.