Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фондунун уставдык капиталы 350 млн доллар деп белгиленди

Түрк мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Инвестициялык фондунун уставдык капиталы 350 млн доллар өлчөмүндө белгиленип, аны уюмга мүчө мамлекеттер бирдей үлүштө түзүшөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан жана Өзбекстан мүчө. Ошондой эле бир мамлекеттин салымы 70 млн долларды түзөт.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ушул күндөрү Стамбулда жогорку кызмат адамдарынын жолугушуулары өтүп жатат, анын жыйынтыгында ТМУ инвестициялык фондун түзүү боюнча Макулдашуунун долбоорун даярдоону аяктоо пландалууда. КРнын делегациясын Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов жетектөөдө.

Экономика министрлиги бул инвестициялык фондду түзүүнүн максаты – аймактык сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо аркылуу ТМУ өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү деп кошумчалады .

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды