Таң калаарлык дал келүү. Кыргызстандын бардык банктары доллардын курсун бирдей коюшту

Кыргызстандын бардык коммерциялык банктары бүгүн, 7-июлда саат 09:30-09:40ка карата доллардын сатып алуу жана сатуу курстарын бирдей белгилешти.

Өлкөнүн бардык банктарында долларды сатып алуу 83 сом, ал эми сатуу курсу 84 сом деп белгиленгенин valuta.kg порталы маалымдады.

Белгилей кетсек, курстун бардык банктарда бирдей коюлушу сейрек кездешет. Бирок, мындай жагдайлар мурда да болуп келген.

Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу ар кандай, бирок орто эсеп менен алганда банктардагыдай эле 83 сом (сатып алуу) жана 84 сомдун (сатуу) тегерегинде болууда.

Улуттук банктын 7-июлга койгон расмий курсу 79.5 сом.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды