«Туризмди өнүктүрүү фонду» КРнын туристтик объекттери менен иштөөгө сынак жарыялады

«Туризмди өнүктүрүү фонду» КРнын туристтик объекттери менен иштөөгө сынак жарыялады

КРнын “Туризмди өнүктүрүү фонду” ААК ишмердүүлүгүнүн алкагында RestPoint деп аталган КРнын туристтик объекттерине коштоп баруу, аларды башкаруу, кызмат көрсөтүү боюнча конкурс жарыялады.

Фонд потенциалдуу кызыкдар тараптарды сынакка катышууга чакырды. Документтердин пакетин жана коммерциялык сунушту 2022-жылдын 12-июлунда саат 10:00гө чейин Бишкек шаарындагы Игембердиев 1/33 дарегине жөнөтүү зарыл.

Катышуучулар конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосуна катыша алышат. Сынакка коюлган талаптар (техникалык тапшырма) www.fundtourism.com сайтында “САТЫП АЛУУ” бөлүмүндө жайгаштырылган.

  • Маалымат үчүн телефон: 0 312 59-27-01

Economist.kg мурда кабарлагандай, Кыргызстандын бардык популярдуу туристтик маршруттарында эс алуу пункттары пайда болот.

RestPoint – бул туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин заряддоо мүмкүнчүлүгү бар жай. Бул жерде террасада кофе ичип же душка түшүүгө болот. Ар бир RestPoint туристтик интерактивдүү дисплей менен жабдылат, анда саякатчыларга керек болгон маршруттар жана туристтик жерлер, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жайлар жөнүндө бардык маалымат камтылат.

Кыргызстанда жалпысынан 68 эс алуу пункту курулат. Алар өлкөнүн бардык аймактарында эң популярдуу жана эң көп туристтик маршруттарда жана шаарлар аралык каттамдарда жайгаштырылат. Алардын ичинен 21 быйыл ачылат.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга