Жайында «Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учса болот? Багыттар, каттамдар

Жайында «Ысык-Көл» аэропортунан кайсы өлкөлөргө учса болот? Багыттар, каттамдар

2022-жылдын жай мезгилинде «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан кайсы өлкөлөргө жана шаарларга учууга болоорун “Манас” эл аралык аэропорту” маалымдады.

Жалпысынан Ысык-Көл аэропортунан 4 шаарга учууга болот.

Багыттар:

Казакстан:

Алматы – Тамчы – Алматы багыты боюнча каттамдарды «SCAT» авиакомпаниясы  дүйшөмбү жана жума күндөрү  аткарат. 15-июлдан тарта 3 каттамга көбөйтүүнү  пландаштырууда (шейшемби, шаршемби жана бейшемби күндөрү).

Россия:

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча каттамдарды «Аэрофлот» авиакомпаниясы бейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. 10 июлдан тарта 2 каттамга көбөйтүлөт (шейшемби жана жекшемби күндөрү).

Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча учуулар “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы аркылуу күн сайын аткарылат.

Новосибирск – Тамчы – Новосибирск багыты боюнча учуулар «Сибирь» авиакомпаниясы аркылуу жекшемби күндөрү аткарылат.

Ички каттамдар:

Ош – Тамчы – Ош  багыты боюнча учуулар «Тез Жет» авиакомпаниясы аркылуу шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, жекшемби күндөрү аткарылат.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Кыргызстанда 476 миңден ашуун адам жөлөк пул алат

Республика боюнча 476 миңден ашык жаран жөлөк пул жана компенсация менен камсыз болууда. Бул тууралуу Эмгек министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Пекинде өтүп жаткан Жакырчылыкты кыскартуу жана өнүгүү боюнча Глобалдык форумда билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө 1,5 миллионго жакын адам социалдык кызматтарды пайдаланат. Ошондой эле 590 миңден ашуун

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Өсүмдүктөрдүн карантин лабораториялары 4 айда 1,3 млн сом тапты

Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораторияларга жалпы 7965 үлгү түшүп, 18 848 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, лабораторияларга импорттук продукциялардан 5559, экспорттук продукциялардан 1767 үлгү кабыл алынган. Мындан тышкары, изилдөө иштеринен 379 жана жарандардын кайрылуулары

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Кыргызстан эл аралык издөөдөгү жаранды Францияга өткөрүп берди

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадиция Бириккен Улуттар Уюмунун Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясынын алкагында жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде ишке ашырылды. Франциянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, аталган жаран кылмыштуу топтун курамында чет өлкөлүк жарандардын Францияга жана Шенген аймагындагы айрым мамлекеттерге мыйзамсыз кирүүсүнө көмөктөшүүгө шектелүүдө. Экстрадиция Башкы прокуратура менен Интерполдун Кыргызстандагы

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Айтматов райондук электр тармагы 47 жылдан кийин жаңыланууда

Талас электр тармактар ишканасына караштуу Айтматов райондук электр тармагынын административдик имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда оңдоо иштеринин 60 пайызы аяктады. Имарат заманбап стилде жаңыланып, ички жана тышкы бөлүктөрү толук оңдолууда. Капиталдык оңдоонун алкагында чатыр алмаштырылып, эшик-терезелер жаңыртылып, инженердик коммуникациялар, жылытуу жана электр