Elite House Горький көчөсүндө мыйзамсыз үй салып жатат - Мамкурулуш сотко берди

Бишкек шаарынын Архитектура-курулуш көзөмөлү боюнча шаардык башкармалыгы Горький көчөсү, 1Б дарегинде дагы бир мыйзамсыз курулуштун бетин ачты. Бул объекттин курулушунун буюртмасын «Элит Хаус» ЖЧКсы берген. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.

«Elite House компаниясына карата өз убагында чаралар көрүлүп, курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу боюнча эскертүү берилди.

Мындан тышкары, аталган башкармалык тарабынан шаардык тиешелүү кызматтарга электр жана суу менен камсыздоонун инженердик тармактарынан өчүрүү боюнча каттар жөнөтүлгөн. Бирок, администрациянын талаптарына карабастан, объектидеги иштер «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамды бузуу менен уланууда», – деп айтылат билдирүүдө

Шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы мыйзамсыз курулуш фактысы боюнча материалдарды сот органдарына өткөрүп берген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды