«Манас» эл аралык аэропортунун» башкы директору күтүүсүз алмашты – Бакыт Шаршеев кызматынан алынды

Бакыт Шаршеев “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы кызматынан (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) бошотулду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 7-июлда компаниянын директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында директорлор кеңешинин төрагасы – башкы директор Бакыт Шаршеевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими кабыл алынган.

Жаңы башкы директорлук кызматына Манас Самидинов дайындалды. Маалым болгондой, ал буга чейин «МАМ» ААКтын авиажүк жана бортто тамактануу борборунун ээси болгон «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын филиалын жетектеп келген.

Эми “Манас” эл аралык аэропортунун” жаңы жетекчисин жамаатка Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев тааныштырды.

Эске салсак, Шаршеев “МАМды” 2021-жылдын февраль айынан бери жетектеп келген болчу.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды