Пенсияга чыгуу үчүн кандай документтерди тапшыруу керек?

Соцфонд курагы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин берди.

Курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынат:

  • паспорт
  • качкын расмий статусу бар чет өлкөлүк жарандарга – качкын күбөлүгү
  • жашап туруу укугу бар чет өлкөлүк жарандарга – ички ичтер органдарынан берилген жашап туруу укугу (вид на жительство)
  • эмгек китепчеси
  • 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат

Эскертүү: арыздануучунун камсыздандыруу стажын тастыктоочу – окугандыгы же аскер өтөгөндүгү тууралуу иш кагаздары бар болсо, окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом, аялдар үчүн – балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн тапшырса болот.  

Ал эми аты аталган иш кагаздар жок болгон же болбосо тапшырууга мүмкүн болбогон учурда, арыздын бланкына окугандыгы, аскер өтөгөн мезгили тууралуу маалыматты жазуу керек.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды