Улуттук банк дароо 3 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын алып салды

Улуттук банк дароо 3 акча алмаштыруу жайынын лицензиясын алып салды

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн регулятор дароо үч алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракеттерин токтотту. 

2022-жылдын 9-июлунан тартып 15-июлун кошо алгандагы мезгил аралыгына: 

  • Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150/20 дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Капитал Прогресс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 14-февралындагы № 5982 лицензиясы
  • Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 150, 1-бөлүк дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Союз лтд» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 25-декабрындагы № 6045 лицензиясы 
  • Бишкек шаары, Дэн-Сяопин көчөсү 2, 12-батир дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «АСЭМ и ко» алмашуу бюросунун 2021-жылдын 1-июлундагы № 6164 лицензиясынын ишмердүүлүгү токтоду. 

Кошумча окуңуз: Улуттук банктын антикризистик чараларынан майнап чыккан жок — эксперт

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Түштүк Кореянын Статистика министринин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат статистика тармагындагы заманбап ыкмалар, маалымат базаларын башкаруу жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты. Жолугушууларда статистикалык маалыматтарды системалаштыруу, аларды натыйжалуу пайдалануу жана

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу