Улуттук банк комбанктар менен валюта рыногундагы кырдаал боюнча жолугушуу өткөрдү

Улуттук банк комбанктар менен валюта рыногундагы кырдаал боюнча жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 8-июлда Улуттук банк өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн регулятордун маалымат кызматы билдирди.

“Жолугушуунун жүрүшүндө ички валюта рыногунда учурда орун алып турган жагдай, акча которуу маселелери, коммерциялык банктардын айрым операциялары боюнча тарифтердин өзгөрүшү жана финансылык кызматтардан керектөөчүлөр үчүн актуалдуу башка маселелер талкууланды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууга баргандар дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаалга байланыштуу тобокелдиктер жана алардын ички финансылык рынокко таасири боюнча пикир алмашышкан.

“Учурдагы кыйынчылыктарга карабастан, калкты үзгүлтүксүз тейлөө жана банктык кызматтарды талаптагыдай көрсөтүү зарыл экендиги белгиленди”, – деп айтылат регулятордун малыматында. 

Мындан тышкары окуңуз

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Башкы прокуратура жарандын кайрылуусунун негизинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, финансылык мекемелердин биринде болгон өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы тиешелүү чараларды өз убагында көргөн эмес. Жаран аталган кызматка бир нече жолу кайрылганына карабастан, жубайынын каза

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Түштүк Кореянын Статистика министринин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат статистика тармагындагы заманбап ыкмалар, маалымат базаларын башкаруу жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты. Жолугушууларда статистикалык маалыматтарды системалаштыруу, аларды натыйжалуу пайдалануу жана

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары