Улуттук банктын антикризистик чараларынан майнап чыккан жок - эксперт

Улуттук банктын антикризистик чараларынан майнап чыккан жок - эксперт

Экономика боюнча эксперт Рустам Нурматов кечээ, 7-июлда Кыргызстандын бардык банктары доллардын курсун бирдей баада белгилешкенине комментарий берип, vesti.kg порталына Улуттук банктын антикризистик чараларынан натыйжа чыкпаганын айтты.

Нурматовдун айтымында, банк тармагында атаандаштык жок, жөнгө салуучу органдын гана буйругу бар.

“Банктар менен акча алмаштыруучу жайлар бирдей курсту коюп жатканы биздин өлкөдө атаандаштык жок экенин, тескерисинче, Улуттук банктын буйругу экенин көрсөтүп турат. Экономика бир регулятордун кол көзөмөлүнө өтүп баратат.

Бул Улуттук банктын өлкөдөн чет элдик валютанын чыгарылышына жол бербөө үчүн көргөн антикризистик чараларынан майнап чыкпаганынын далили. Ошондуктан ачык эле басым болду: акча алмаштыруучу жайлардын ээлеринен сурасаңыз, алар белгилеген курс Улуттук банктын “сунушунун негизинде” коюлганын айтышат. Эгер кимдир бирөө ага баш ийбесе, лицензиядан ажыратууга чейин катуу жазага тартылат” – деген ал аталган порталга берген маегинде.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын экспорттоого убактылуу тыюу салган. Жакында регулятор бардык жеке жана юридикалык жактар ​​үчүн накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул документ коомдук талкууга чыгарылган.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга