Мигранттар беш айда КРга 1.3 млрд доллар жөнөтүштү

Мигранттар беш айда КРга 1.3 млрд доллар жөнөтүштү

2022-жылдын биринчи беш айында мигранттар Кыргызстанга 1 млрд 30.3 млн доллар которушканы тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Ал эми апрель-май айларында өлкөгө 500 млн долларга жакын каражат которулган. Эгерде акыркы жылдардагы биринчи беш айдын көрсөткүчтөрүнө таянсак, бул жылы эң көп каражат келген.

  • 2022 — 1.3 млрд
  • 2021 — 986.3 млн
  • 2019 — 934.8 млн
  • 2018 — 972.3 млн

Ошондой эле Кыргызстанга которулган 1 млрд 30.3 млн доллардын 984 млн доллары Россиядан келген. Белгилей кетсек, 2021-жылы Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчанын 83%ы Россиядан келип, анын агымы дээрлик 234 млн долларды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырмалуу 25 млн долларга көп болгон.

Улуттук банктын берген маалыматына ылайык, өткөн жылы кыргызстандык мигранттар өлкөгө 2 млрд 756 млн доллар которушкан. 

Кошумча окуңуз: Кыргызстан эмнеге жумушчу күчүн экспорттоого кызыкдар? – экономика мигранттардын акчасынан көз каранды

Мындан тышкары окуңуз

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Түштүк Кореянын Статистика министринин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, депутат статистика тармагындагы заманбап ыкмалар, маалымат базаларын башкаруу жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты. Жолугушууларда статистикалык маалыматтарды системалаштыруу, аларды натыйжалуу пайдалануу жана

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу