«Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат

«Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы ачылат. Бул тууралуу «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов 10-июль күнү Ысык-Көл аэропортуна иш сапары менен барган учурунда белгилүү болду.

Анда Самидинов аба майданынын бардык кызматкерлери менен жолугушуп, суроолоруна жооп берип, алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.

“Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизацияланып жана жаңыртуу иштери өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада «Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат”, – деп айтылат маалыматта.

Каракол шаарына болгон иш сапарында Манас Самидинов «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүү менен таанышты.

Эске салсак, азыр айтылган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жаткан учур. Планга ылайык, объект 2023-жылдын аягында ишке берилет.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды