ЕРӨБ берген 17.8 млн евро Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого жумшалат

ЕРӨБ берген 17.8 млн евро  Араван - Ак-Буура каналын реконструкциялоого жумшалат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) берип жаткан 17.8 млн еврону Ош облусундагы Араван – Ак-Буура каналын реконструкциялоо жана модернизациялоого жумшайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ош облусунун ирригациялык системаларын калыбына келтирүүгө» бөлүнгөн каражат кайсы объекттерге жумшалары тууралуу так маалымат берилген эмес болчу.

Финансы министрлиги 17.8 млн евронун 14.1 млн евросу насыя, ал эми 3.7 млн евросу гранттык каражат экенин билдирди.


Кошумча окуңуз: ЕРӨБ Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17.8 млн евро берет.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу

Өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды

Өлкөнү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси талкууланды

Президенттин Администрациясында өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана мунай ташуучу компаниялардын өкүлдөрү катышты. Анда өлкөнү күйүүчү-

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери стадиондун айланасына 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Баткен облусундагы “Кайрагач” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик