«Финам» Кыргызстандан анча чоң эмес банк сатып алууга кызыкдар

«Финам» Кыргызстандан анча чоң эмес банк сатып алууга кызыкдар

“Финам” компаниялар тобу Кыргызстандан анча чоң эмес банк сатып алууну караштырып жатканын Frank Media жазып чыкты.

Анда компаниянын президенти Владислав Кочетков аталган басылмага компаниянын банк тармагындагы ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн Кыргызстандан чоң эмес банк сатып алууну караштырып жатышканын айткан.

“Мисалы, валюталык транзакцияларды жөнөкөйлөтүү максатында “Финамдын” Кыргызстандан банкт сатып алуу идеясы активдүү талкууланып жатат.

Биз бир нече активдерди карап жатабыз. Бизге транзакцияларды жөнөкөйлөтүү үчүн корреспонденттик эсептери бар банк керек. Анткени чет элдик банкта корреспонденттик эсеп ачуу россиялык банк үчүн өтө оор процесс жана биз карап жаткан кыргыз банктарында адатта бул корреспонденттик эсептер ачылган», – деген Кочетков.


FINAM компаниялар тобу – акча жүгүртүү көлөмү жана активдүү кардарларынын саны боюнча россиялык фондулук рыногунун лидери болуп саналат. 28 жылдан бери иштеп келген дүйнөлүк брокер, башка чет элдик биржалардын мүчөсү, FINAM россиялык инвесторлордун Европанын жана Американын рынокторуна түз чыгуусун камсыз кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөөдепартаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди.

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.  Союз мезгилинен бери

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналып, Алматыда өткөн банктын жылдык жыйынынын уландысы болду. Бакыт Сыдыков Кыргызстан "Евразия 2030+

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;