«Кумтөр» кенинин карьеринин кыймылга келген аймагында кен казуу иштери кайрадан жандандырылды

«Кумтөр» кенинин карьеринин кыймылга келген аймагында кен казуу иштери кайрадан жандандырылды

“Кумтөр” кенинин №20 жумушчу аймагында кен казуу иштери жандандырылды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 2022-жылдын май айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) геотехникалык кызматы №20 жумушчу аймагында карьердин капталындагы жылыштарды байкаган. Адамдардын жана техниканын коопсуздугу үчүн бул аймактагы тоо-кен иштери убактылуу токтотулган, ошол эле убакта “Кумтөр” кениндеги бардык кызматтардын иштери адаттагы тартипте уланган.

Жылыштардын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча “КГКга” №20 жумушчу аймакта иштин коопсуз уланышын камсыз кылуу максатында коргонуу иш-чараларын жүргүзүү жана деформация аймагынын туруктуулугун комплекстүү түрдө баалоо үчүн жергиликтүү жана чет элдик илимий изилдөө уюмдарын тартуу боюнча сунуштар берилген.

“Консалтингдик уюмдар берген сунуштардын негизинде “КГК” №20 жумушчу аймагындагы ишти жандандыруу жана иштетүү боюнча атайын коопсуздук чараларын иштеп чыкты. Деформацияда жайгашкан мониторинг жерлериндеги кыймылдын ылдамдыгы турукташкан соң, бардык коопсуздук чаралары көрүлгөндөн кийин тилкедеги убактылуу токтотулган иштер жанданды”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери стадиондун айланасына 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Баткен облусундагы “Кайрагач” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.  Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн