«Манас Менеджмент Компанинин» башкы директорлук кызматына 37 жаштагы Мирлан Кубаталиев дайындалды

«Манас Менеджмент Компанинин» башкы директорлук кызматына 37 жаштагы Мирлан Кубаталиев дайындалды

Мирлан Кубаталиев «Манас Эл аралык аэропорту» ААКтын туунду компаниясы – «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директору кызматына шайланды.

Кыргыз фондулук биржасы 8-июлда «МЭА» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өткөнүн билдирди. Анда кабыл алынган чечимге ылайык, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директорлук кызматына Мирлан Кубаталиев дайындалган.

Кубаталиев мурда “КТ-Мобайл” ЖЧКда директорлук кызматты, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын ички коопсуздук башкармалыгынын башчысы кызматын аркалап келген.

Эскерте кетсек, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын мурдагы директору  Манас Самидинов «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп шайланган болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөөдепартаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди.

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.  Союз мезгилинен бери

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналып, Алматыда өткөн банктын жылдык жыйынынын уландысы болду. Бакыт Сыдыков Кыргызстан "Евразия 2030+

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;