«Оптима Банктын» акционерлеринин кезексиз жыйыны болот - директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болушу мүмкүн

1-августта «Оптима Банк» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу өтөт жана директорлор кеңешиндеги бир канча маселелер каралат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

«Оптима Банк» ААКтын акционерлеринин жыйынында төмөнкү маселелер күн тартибине бекитилген:

1. «Оптима Банк» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамы бекитилет

2. «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу каралат

3. «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү, алардын санын аныктоо, ошондой эле «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө өз милдеттерин аткаргандыгы үчүн сый акы төлөө жана чыгымдарынын ордун толтуруу шарттары каралат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды