2022-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 160-180 млн долларга «гана» көбөйүшү мүмкүн - Акылбек Жапаров

2022-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 160-180 млн долларга «гана» көбөйүшү мүмкүн - Акылбек Жапаров

2022-жылы Кыргызстандын тышкы карызы 160-180 млн долларга көбөйүшү мүмкүн. Мындай маалыматты бүгүн, 14-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети тышкы карызды катуу көзөмөлгө алат.

“2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 367 млн долларга көбөйсө, 2021-жылы 75.6 млн долларга гана көбөйгөн. 2022-жылы тышкы карыздын көлөмү кошумча 160-180 млн долларга гана көбөйүшү мүмкүн. Ошол эле учурда тышкы карыздын оорчулугу ИДПга карата 45%га чейин төмөндөйт деп болжолдоп жатабыз”, – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, ушул тапта президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө.


Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg басылмасына берген маегинде, КРнын ушул жылдын 30-апрелине карата мамлекеттик карызы – 5 млрд 92 млн долларга жеткенин, анын ичинде тышкы карыз – 4 млррд 191 млн доллар, ички карыз – 901 млн доллар экенин билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери стадиондун айланасына 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Баткен облусундагы “Кайрагач” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.  Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн