Бир катар керектелүүчү товарлар КНСтен бошотулгандыктан, бюджетке 1.4 млрд сом түшпөй калган

Бир катар керектелүүчү товарлар КНСтен бошотулгандыктан, бюджетке 1.4 млрд сом түшпөй калган

Кээ бир товарлар кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулгандыгына байланыштуу бюджетке 1.4 млрд сом түшпөй калган. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда президент Садыр Жапаров өткөргөн жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун билдиргендей, РФдан бензинди жана дизелдик отунду алымсыз ташып келүүнүн көлөмү көбөйтүлдү, көмүргө, кумшекерге жана өсүмдүк майына бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген, ун комбинаттары КНСтен жана сатуудан алынуучу салыктан бошотулган.    

Ошондой эле Жапаров Казакстанды кошпогондо, КММнын баасы Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу орточо жана туруктуу.

«Биздин ички рынок импорттук товарлардан көз каранды. Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын кымбатташы бизге да таасирин тийгизүүдө. Быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого 8 млрд сом бөлдүк.

Бир катар керектелүүчү товарлар КНСтен бошотулду. Мындан улам мамлекеттик бюджетке 1 млрд 450 млн сомго жакын каражат түшпөй калды», – деген Жапаров бул кадамдарга барбаганда инфляциянын деңгээли 14.5%га жетмек деп кошумчалады.   

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга