Бишкектен Москвага автобустар каттайт — жол кире 7.5 миң сом

Бишкектен Москвага автобустар каттайт — жол кире 7.5 миң сом

15-июндан тарта Бишкек – Москва – Бишкек багыты боюнча автобус каттамдары жанданды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектен Москвага автобустар ар жуманын шаршемби күндөрү каттайт. Кетүү убактысы 10:00. Билеттин баасы – 7.5 миң сомду түзөт.

Москвадан Бишкекке кайра каттам да ар жекшемби күнү болот. Кетүү убактысы 10:00. Билеттин баасы – 7.5 миң рубль.

Мындан тышкары окуңуз

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөөдепартаментинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан жер астындагы өтмөктүн курулушунун сапаты текшерилди.

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм –Коминтерн жолуна асфальт төшөлдү

Ноокен районундагы Коммунизм – Коминтерн унаа жолуна эки тараптуу асфальт төшөлүп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым аралыгына эки тараптуу асфальт төшөө иштери каралып, курулуш иштери №51 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан аткарылды.  Союз мезгилинен бери

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналып, Алматыда өткөн банктын жылдык жыйынынын уландысы болду. Бакыт Сыдыков Кыргызстан "Евразия 2030+

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;