«Дача-Су» окуясынан жабыркагандарга элден чогулган 30 млн сомду комиссия «бюджетти колдоого» берип салган

«Дача-Су» окуясынан жабыркагандарга элден чогулган 30 млн сомду комиссия «бюджетти колдоого» берип салган

Дача-Су боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, “ПолитКлиника” порталынын жетекчиси Дилбар Алимова өзүнүн Facebook баракчасында жабыркагандар үчүн элден чогулган акча мамлекетке өтүп кеткенин жазып чыкты.

Анын айтымында, мындай чечимди ошол кездеги комиссия кабыл алган.

“Элден чогулган акчанын 30 млн 283 миң 620 сомун бюджетке, 390 455 сомун Соцфондго өткөрүп берип салышкан. «Эмне үчүн?» деген суроону бердим, анткени биздин жарандар бюджетти колдойбуз деп акча салышкан эмес да? Ал кездеги комиссиянын чечими болгон деген жоопту берип жатышат», — деп жазген ал.

Ошондой эле ал ACT Airlines компаниясы болгону 712 миң 480 доллар которгонун айтат.

«Дача-Су жыйынында белгилүү болгон жагдайлар. ACT Airlines компаниясы болгону 712 миң 480 доллар которуптур. Негизи самолёт алынганда камсыздандыруудан өтүшү керек, ансыз уча албайт. Бул учак эл аралык каттамдарды жасап жаткандан кийин ал минималдуу алганда 300 млн долларга камсыздандыруудан өтөт. Анын мааниси — эгер ал учак башка бирөөгө зыян келтирсе, камсыздандырудагы сумма ошол жакка төлөнүп берилиши керек эле.

Дагы бир маалыматтар боюнча компания 2 млрд долларга камсыздандыруудан өткөн дейт. Менин оюмча, бул компания чоң суммага камсыздандыруудан өткөнүнө карабай, биздин мамлекетти 720 миң доллар менен алдап кеткендей”, – дейт комиссиянын мүчөсү.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-СУ айылында мындан беш жыл мурда жүк ташуучу Боинг-747 самолету кулаган авиациялык кырсыктын себептерин изилдөө боюнча коомдук комиссия түзүлгөн.

Коомдук комиссия 2022-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө авиациялык кыйроого алып келген жагдайлар, себептер жана шарттар жөнүндө корутундуну жана Дача-СУ айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү боюнча сунуштарды бериш керек.

Каргашалуу окуяда Кыргызстандын жарандары – айылдын 35 тургуну жана Түркиянын жарандары – экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Расмий версия боюнча, Стамбул шаарына (Түркия) учуп бара жаткан самолет май куюу үчүн «Манас» аэропортуна багыт алган. Самолеттун кулашынын себебин учкучтардын кетирген катасы деп аташкан.

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Министрлик: Тарых музейинин эки кабаты Кытайга берилгени тууралуу маалымат жалган

Желеде Улуттук тарых музейинин 4-5-кабаттары Кытай тарапка өткөрүлүп берилгени тууралуу тараган маалыматтын чындыкка дал келбесин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, музейдин эч бир бөлүгү чет өлкөлүк мекемелерге менчикке, ижарага же туруктуу пайдаланууга берилген эмес. Белгилегендей, “Гармония сулуулукту жаратат: Байыркы Кытай цивилизациясынын көркөм өнөр

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Кызыл-Кыяда курулуш талаптарын бузган жеке ишкерге чара көрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жеке менчик жер тилкесинде салынып жаткан эки кабаттуу соода борборунун курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүндө жайгашкан объекттеги иштер тиешелүү уруксат берүүчү жана долбоордук документтер таризделбестен жүргүзүлгөн. Жер казууда

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкекте 11-августта Тоголок Молдо көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Абдымомунов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Калаа мэриясынын билдиришкендей, аталган тилкеде бул убакта курулуш иштери жүргүзүлөт. Ал эми Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилиши кайрадан унаалар үчүн ачылат. Мэрия айдоочуларды жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөрдү эске алып, жол белгилеринин талаптарын так

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ошто 13,5 млн еврого эне-балага арналган медициналык борбор курулуп жатат

Ош шаарында эне-бала саламаттыгын коргоого багытталган Перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Германиянын өнүктүрүү банкынын (KfW) 13,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатынын эсебинен ишке ашырылууда. Аталган борбор 249 орунга ылайыкталып, кош бойлуу аялдарга, төрөттөн кийинки энелерге жана ымыркайларга