Эми донорлор берген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалбайт

Эми донорлор берген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалбайт

Тышкы карыз боюнча саясатты өзгөртүп жатабыз, мурда тыштан келген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу болсо, эми мындан ары андай болбойт. Мындай билдирүүсүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 14-июлда өтүп жаткан минкабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мурда чет өлкөлүк донорлор берген каражат энергетика менен жол тармагына салынып жүргөн.

“Мурда бюджетти колдоого келген каражаттар күнүмдүк керектөөгө жумшалчу болсо, эми болсо аны саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, жаңы технологияларга гана алабыз”, – деди Жапаров.

Ошондой эле ал мамлекеттик карызды тейлөөгө 2022-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджетте 16.5 млрд сом өлчөмүндөгү каражаттар каралганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 540.3 м.н сомго көп экенин, анын ичинде – тышкы карызды тейлөөгө – 10.9 млрд сом, ал эми ички карызды тейлөөгө – 5.5 млрд сом каралганын кошумчалады.


Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg басылмасына берген маегинде, КРнын ушул жылдын 30-апрелине карата мамлекеттик карызы — 5 млрд 92 млн долларга жеткенин, анын ичинде тышкы карыз – 4 млррд 191 млн доллар, ички карыз – 901 млн доллар экенин билдирген болчу.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

"Бишкек Аренанын" аймагына 300 миңден ашык гүл отургузулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадионунун аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери стадиондун айланасына 642 түп акация, 3 миң 796 түп бадал жана 300 миңден ашык бир жылдык гүл

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Тажикстандан алынып келинген коон-дарбыз Кыргызстанга киригизилген жок

Баткен облусундагы “Кайрагач” фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстандан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды. Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.  Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн