5 айдагы КРнын соода жүгүртүүсү: экспорт - 18%, импорт - 82%ды түздү

5 айдагы КРнын соода жүгүртүүсү: экспорт - 18%, импорт - 82%ды түздү

2022-жылдын январь-май айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 3.9 млн долларды түзгөн жана 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу (импорттун эсебинен) 45%га өскөн. Бул тууралуу кечээ, министрлер кабинетинин жыйынында айтылды.

Соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү – 17.9 %ды, импорт – 82.1%ды түзгөн. 

5 айда товарлардын экспорту 2021-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4.1 %га азайып, 707.8 млн долларды түзгөн.

2022-жылдын январь-май айларында импорттук түшүүлөр 3.2 млн долларды түзүп, 1.6 эсеге көбөйгөн.

Импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү негизинен:
  • бут кийимдердин – 5.1 эсеге
  • трикотаж кездемелеринин – 4.6 эсеге
  • жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн – 2.7 эсеге
  • кийим-кече жана ага таандык буюмдардын – 2.4 эсеге
  • пластмасса жана алардан жасалган буюмдардын – 1.7 эсеге
  • синтетикалык комплекстүү жиптерден кездемелердин – 1.7 эсеге
  • жашылча жана тамыр өсүмдүктөрүнүн 45.1 %га
  • жер транспортунун жана алардын тетиктеринин 36.7%га
  • электр машиналарынын жана жабдууларынын 34.5%га
  • резина жана андан жасалган буюмдардын – 30.4 %га
  • парфюмерия-косметика жана туалет буюмдарынын – 27.1%га
  • жер семирткичтердин – 26.5 %га
  • кара металл буюмдарынын – 24.1%га
  • мунай продуктуларынын – 20.0 %га,
  • фармацевттик продукциянын – 16.2 %га
  • жаратылыш газынын – 7.3 %га
  • ыгач жана андан жасалган буюмдардын – 6.4 %га
  • кара металлдардын – 1.5 %га өсүшү менен шартталган.

Мындан тышкары окуңуз

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси өз алдынча иштегендер кайсы учурда патент алып, кайсы учурда жеке ишкер (ИП) катары катталышы керектиги тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, ишмердиктин түрүнө жараша салык төлөө айырмаланат. Маселен, тырмак жасоо, боёнтуу жана чач тарач кызматтарын көрсөткөндөр патент менен иштей алышат. Ал эми инстаграм аркылуу кийим

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Башкы прокуратура товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар чынында ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргызстанга алып кирүү схемасын