Биринчи жарым жылда республикалык бюджет 818 млн сом профицит менен аткарылды

Биринчи жарым жылда республикалык бюджет 818 млн сом профицит менен аткарылды

Биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын республикалык бюджети 818 млн сом профицит менен аткарылды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча республикалык бюджеттин жалпы кирешеси – 122 млрд сомду, чыгашасы – 121.2 млрд сомду түзгөн. Ошентип бюджетте 817.5 млн сом суммасында профицит түзүлгөн.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде тартыштык – (-) 297.8 млн сомду түзгөн.

Бул таңкыстыкты жабуу булактары боюнча аткарылышы 7.9 млн сомду түзгөн, анын ичинен:

Ички булактар 5.7 млрд сом
Тышкы булактар – 2.2 млрд сомду түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси өз алдынча иштегендер кайсы учурда патент алып, кайсы учурда жеке ишкер (ИП) катары катталышы керектиги тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, ишмердиктин түрүнө жараша салык төлөө айырмаланат. Маселен, тырмак жасоо, боёнтуу жана чач тарач кызматтарын көрсөткөндөр патент менен иштей алышат. Ал эми инстаграм аркылуу кийим

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Башкы прокуратура товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар чынында ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргызстанга алып кирүү схемасын