Интернет дүкөндөр, блогерлер жана электрондук түрдө кызмат көрсөткөндөр кирешесинен 2% салык төлөшөт

Интернет дүкөндөр, блогерлер жана электрондук түрдө кызмат көрсөткөндөр кирешесинен 2% салык төлөшөт

КРнын Салык кодексине жана “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамына ылайык, электрондук түрдө кызмат көрсөткөн уюмдар жана жеке ишкерлер электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөшөт. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын ставкасы кызмат көрсөтүүдөн жана товарларды электрондук түрдө сатуудан түшкөн каражаттын 2%ын түзөт.

Бул салык соода платформасынын операторлору – электрондук сооданын катышуучулары болуп саналган уюмдардын жана жеке ишкерлердин ишине карата колдонулат.

Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөрдү каттоо субъекттер тарабынан КРда катталган домендик аталыш же IP-дарек колдонулганда жүргүзүлөт.

Субъекттер (иштеп жаткан жана жаңы) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке карата салык төлөөчүлөр катары салыктык катталган жери боюнча каттоодон өтүшөт.

Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөндөр банкта атайын ачылган эсеп, анын ичинде электрондук капчык жана мындай эсепке байланган башка виртуалдык төлөм шаймандары аркылуу ушул ишке таандык бардык операциялар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Кыргызстанга товарларды мыйзамсыз алып кирген кылмыштуу схема аныкталды

Башкы прокуратура товарларды өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирүүгө байланышкан трансулуттук мүнөздөгү кылмыштуу схеманы аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө И.А. аттуу жаран жана башка адамдар чынында ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдалануу менен товарларды Кыргызстанга алып кирүү схемасын

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жапониядан гранттык негизде онкологиялык жабдуу алуу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Жогорку Кеңештин Жапония менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун башчысы Таалайбек Масабиров Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нишигата Котаро менен жолугушту. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев катышты. Тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасына

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Быйыл Кыргызстанда 16 жаңы машина-трактор станциясы ачылды

Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө механикалаштырылган кызмат көрсөткөн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. МТСтер айыл чарба өндүрүүчүлөрүн техника менен камсыздоого, лизингди өнүктүрүүгө жана тармакты техникалык жактан жаңылоого көмөктөшүү максатында 2016-жылдан бери түзүлүп келет. Учурда республикадагы