Кыргызстан беш айда 41 кг алтын экспорттоду - өткөн жылы бул мезгилде 4.1 тонна сатылган

Кыргызстан 5 айда 41 кг алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.

2022-жылдын январь айынан май айына чейин Кыргызстандан 41.4 кг алтын экспорттолгон. Ошондой эле алтындын баары Түркия мамлекетине сатылып, анын жалпы көлөмүнүн наркы 390 миң доллардан бир аз жогору бааланган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде 4 тонна 135.7 кг алтын сатылган жана ал 2020-жылга салыштырмалуу 12 тоннага аз болгон.


Эскерте кетсек, Лондондун баалуу металлдар рыногунун катышуучуларынын ассоциациясы (LBMA) өткөн жылы 17-сентябрдан тарта «Кыргызалтын» ААКты ишенимдүү жеткирүүчүлөрдүн тизмесинен алып салган эле. Алтындын экспортунун төмөндөшү да ушул маселеге байланыштуу болгон. Бирок ушул жылдын 4-майында «Кыргызалтын» LBMA Кыргызстандын статусун кайрадан калыбына келтиргенин билдирген.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды