Япония Кыргызстандын жарандарын заводдорго жумушка алууга даяр

Япония Кыргызстандын жарандарын заводдорго жумушка алууга даяр

Япония Кыргызстандын 300дөн ашык жаранын заводдорго жумушка алууга даяр. Бул тууралуу Эмгек, соцкамсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

14-июлда министр Кудайберген Базарбаев башында турган кыргыз тарап Япониянын «KOBE International Trade Promotion Association» компаниясынын башкы директору Широ Сурумаки менен макулдашууга кол коюшкан. Келишимге ылайык, «техникалык стажерлер» программасынын алкагында КРнын жарандары Японияда окуп жана андан ары ишке орношо алышат.

“Япон тарап менен Япониянын заводдорунда 300дөн ашык кыргызстандык жаранды ишке орноштуруу боюнча макулдашуу болду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бул келишимге кол коюу үчүн КРга Япониядан делегация келген жана ошондой эле алар жакынкы арада жумушка орноштуруу маселесин иш берүүчүлөр менен талкуулоону пландап жатышканын билдиришкен.

Мындан тышкары окуңуз

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Си Цзиньпин Кыргызстанга келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин расмий баракчасына жарыяланды.  Маалыматка таянсак, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Сапардын жыйынтыгында мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Аткезчилик менен ташылган товарлардын наркы 70,2 млн сомду түздү

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери аткезчиликтин 71 фактысына бөгөт коюлуп, кармалган товарлардын алдын ала баасы 70,2 млн сомдон ашты.  Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, 30 учур өткөрмө бекеттерде, 41и чек ара өткөрмө пункттарынан тышкары жерлерде аныкталган. Мындан сырткары, ЕАЭБдин ички чек аралары аркылуу жалпы баасы 49,2 млн

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

Чач жасалгалоо, онлайн кийим сатуу же сабак берүү: кантип мыйзамдуу иштөө керек?

"Салык сервис" мамлекеттик мекемеси өз алдынча иштегендер кайсы учурда патент алып, кайсы учурда жеке ишкер (ИП) катары катталышы керектиги тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, ишмердиктин түрүнө жараша салык төлөө айырмаланат. Маселен, тырмак жасоо, боёнтуу жана чач тарач кызматтарын көрсөткөндөр патент менен иштей алышат. Ал эми инстаграм аркылуу кийим

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манастагы №21 мектептин жаңы корпусу сентябрда пайдаланууга берилет

Манас шаарынын Достук кичи районундагы №21 Ж. Болотов атындагы мектепке 375 орундуу жаңы окуу корпусу курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусу үч кабаттан турат. Анда окуучулардын билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Учурда объектте курулуш-монтаждоо иштери аяктоо