Августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы жана пенсия 50% көтөрүлөт

Августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы жана пенсия 50% көтөрүлөт

1-августтан баштап 58 миң мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда маалымат жыйынында Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Министрдин айтканына таянсак, ал үчүн бюджеттен 7-8 млрд сом бөлүнөт. Мындан тышкары, октябрь айынан тарта пенсиянын да көлөмү 50%га көбөйтүлөт.

«1-августтан баштап 58 миңге жакын мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлүшүн күтүп жатышат», — деди Бакетаев.

Ошондой эле министр 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикалык бюджеттин чыгашаларынын көлөмү 94.3 млрд сомду, ал эм 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында чыгашалардын көлөмү 54 млрд сомго көбөйүү менен 148.7 млрд сомду түзгөнүн кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө бир нече өлкөлөргө уруксат берди

Иран Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө бир нече өлкөлөргө уруксат берди

Иран бир катар өлкөлөргө Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө уруксат бергенин Tasnim билдиргеннин РБК басылмасы жазды. Маалыматка ылайык, Тегерандын мындай чечими менен Россия, Индия, Ирак, Кытай жана Пакистандын кемелери жабык турган кысык аркылуу өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы бир канча жумадан бери жабык турат. Ал аркылуу дүйнөлүк нефтинин төрттөн

Айтматов районунда пайдаланылбай жаткан жерлерге картошка айдалып жатат

Айтматов районунда пайдаланылбай жаткан жерлерге картошка айдалып жатат

Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында мурда пайдаланылбай келген жерлер заманбап техникалар менен өздөштүрүлүп жатат. Бул демилгени “Бай Элим” компаниясы ишке ашырып жатат. Компания айыл чарба өндүрүшүн эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүнү көздөп, Global GAP жана ORGANIC стандарттары менен иш алып барууда. Долбоордун алкагында Казакстандын жогорку сапаттагы “Гала” сортундагы картошканын

Мыйзамсыз сакталган алкоголдук ичимдиктер жана тамекилер табылды

Мыйзамсыз сакталган алкоголдук ичимдиктер жана тамекилер табылды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик продукциялардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарынан бир катар мыйзам бузууларды аныкташты. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө “Мырзабек” дүкөнүнөн 5 миң 510 куту акциздик

Бишкек шаарынын Ленин районунда  110,5 млн сомго жолдор оңдолот

Бишкек шаарынын Ленин районунда 110,5 млн сомго жолдор оңдолот

Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрациясы райондогу бир нече көчөнү капиталдык оңдоого тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык, сатып алуу ыкмасы — чектөөсүз. Пландалган жумуштардын жалпы суммасы 110 млн 482 миң 671 сомду түзөт. Арыздар 2026-жылдын 14-майы саат 16:05ке чейин кабыл алынат. Төмөнкү лоттор коюлган: