Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары беш документке кол коюшту

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары беш документке кол коюшту

Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү үчүн достук, коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Документ Чолпон-Ата шаарында өткөн региондун мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынганын президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички процедуралар аяктагандан кийин бул документке кол коюшат», – деп билдирди басма сөз кызматы.

Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттешүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн аймактык жашыл күн тартибин жана 2022-2024-жылдарга карата Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасын бекитүүнү чечишти.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды сактап калуу боюнча эл аралык фонддун президенти Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.

Белгилей кетсек, регион жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыгында документтердин олуттуу пакетине кол коюу күтүлгөн эле.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына кологиялык талаптарды бузганы үчүн 2 протокол түзүлүп, 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча