Чек арадагы тыгындар - кайсыл убакта эл көп болорун чек ара кызматы билдирет

Чек арадагы тыгындар - кайсыл убакта эл көп болорун чек ара кызматы билдирет

COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдүн алынып салынышына, туристтик сезондун башталышына жана айыл чарба продукциясын экспорттоонун көбөйүшүнө байланыштуу айрым өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдүн да, жүк ташуунун да агымы көбөйүшү байкалууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

  • Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде “Ак-Жол”, “Кең-Булуң” жана “Токмок” өткөрүү пункттарында дем алыш күндөрү эртең менен жана кечинде, ошондой эле жуманын башында автотранспорттордун агымынын көбөйүшү катталууда.
  • Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинде дем алыш күндөрү жана Кара-Суу базарында дүң соода болгон күндөрү “Достук” постунда жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйөт.

Өткөрүү пунктунун аймагындагы курулуш иштери жүрүп жатканына карабастан, посттун кызматкерлери чек арадан адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү үзгүлтүксүз өткөрүп жатканын башкармалык билдирди. Маселен, 19-июлдан 20-июлга чейин – бир күн ичинде гана – мамлекеттик чек араны өткөрүү пункту аркылуу 18 миңден ашык адам өткөн, болбосо суткасына 14.4 миң гана адам өткөрүлө алат.

“Достук” постунда 22 паспорттук текшерүү кабинасы күнү-түнү иштейт. Чек ара кызматы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча зарыл чараларды көрүп жатат: жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууларды башка өткөрүү пункттарына багыттоо боюнча профилактикалык-түшүндүрүү иш-чаралары жана маалымат иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Эске салсак, жакында Чек ара кызматы чек арада тыгын болуп, 100дөн ашык унаа туруп калганын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жооптуу тараптарга административдик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте социалдык тармакта жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо