Караколдо чоң маданий борбор куруу пландалып жатат - эскиздердин сүрөттөрү

Караколдо маданият борборун куруу пландалууда. Демилге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановго таандык. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, объект 2 миң адамга ылайыкташкан. Аны Карасаев көчөсүндөгү 4 гектар жерге куруу пландалууда. Бирок болжолдонуп жаткан курулуштун баасы жана мөөнөтү айтылган эмес.

«Имаратта маданий жана спорттук иш-чаралар гана эмес, конференц-зал, китепкана, кофекана, балдар аянтчасы жана башка жайлар да болот. 20-июлда комиссия маданий борбордун дизайнынын сынакта көрсөтүлгөн эскиздерин карап чыкты», – деп билдирди өкүлчүлүк.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды