Казакстан буудай менен унду экспорттоого квота киргизди – бул күз-кыш айларында биздеги инфляцияны тездетиши мүмкүн

Казакстан буудай менен унду экспорттоого квота киргизди – бул күз-кыш айларында биздеги инфляцияны тездетиши мүмкүн

Июнь айында Кыргызстанда инфляциянын жылдык мааниси 13%га чейин төмөндөгөн. Бир ай мурун бул көрсөткүч 14%ды түзгөн. Анткен менен Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери күз-кыш айларында инфляция тездеши мүмкүн экенин айтышууда.

Июнь айында жылдык инфляциянын басаңдашы статистикалык фактордун таасири менен шартталган.

«Былтыр азык-түлүк бааларынын өсүшү эң жогорку көрсөткүчкө жакындаган. 2022-жылдын жай айларында инфляциянын жылдык мааниси өткөн жылдын жогорку базасынан улам басаңдайт. Июнь айында инфляциялык тобокелдиктер күчөгөн. Ошентип, керектөө бааларынын сезондук такталган индекси май айына салыштырмалуу 1.7%ды түздү», — деп айтылат маалыматта.

Баалардын тышкы басымынын тобокелдиктери июль айынан октябрга чейин Казакстандан буудай жана унду экспорттоого квоталардын киргизилишине байланыштуу жогорулады. Казакстан Кыргызстандын ички рыногуна негизги импорттоочу болуп саналат.

«Кыргызстандын керектөө куржунунда нан жана дан азыктарынын үлүшү 15%ды түзөрүн эске алсак, 2022-жылдын күз-кыш айларында инфляция тездеши мүмкүн», – дешет эксперттер.

Энергоресурстардын дүйнөлүк бааларынын жогорулашы жана глобалдык жеткирүү чынжырындагы үзгүлтүктөрү да кошумча басым жасап, инфляцияны күчөтүшү мүмкүн.

ЕӨБ эксперттери 2022-жылдын аягына чейин инфляция 15.3% деңгээлинде болот деп болжолдошууда. Белгилей кетсек, Экономика министрлигинин болжолу боюнча бул көрсөткүч 15%ды түзөт. Бирок эң начар сценарийди Улуттук банк сунуштайт: анын айтымында жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 15.5% деңгээлинде болушу күтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жооптуу тараптарга административдик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте социалдык тармакта жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо