«Кыргызалкопром» президенттен алкоголдук продукцияны өндүрүүнү монополиялаштыруу боюнча жарлыкты кийинкиге калтырууну суранды

«Кыргызалкопром» президенттен алкоголдук продукцияны өндүрүүнү монополиялаштыруу боюнча жарлыкты кийинкиге калтырууну суранды

“Кыргызалкопром” ассоциациясы өлкөдө этил спиртин өндүрүүнү жана анын жүгүртүүсүн монополиялаштыруу боюнча жарлыктын аткарылышын кийинкиге калтыруу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго ачык кат менен кайрылды.

Ассоциация кырдаалды жакшылап изилдөө үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрүн жана бизнес чөйрөсүн тартып, жумушчу топ түзүүнү суранат.

«Жарлык күчүнө киргенден кийин республикада ишкерлер кадимкидей иштеши үчүн шарттар бузулат, рынокто атаандаштыктын жоктугу тармакка терс таасирин тийгизет деп эсептейбиз», — деп айтылат кайрылууда.

Салык жыйымдарын көбөйтүү үчүн мамлекет катаал чараларды көрүп жатканын ассоциация толук түшүнөрүн белгиледи.

«Бирок өлкөнүн эң маанилүү тармактарынын бири туруктуу өнүгүшү үчүн, мамлекеттик жөнгө салуу, контролдоо жана стимулдаштыруу чараларын ченеми менен жана субъекттердин пайдасына колдонуу керек экенин түшүнүү зарыл», – деп баса белгилешет кайрылуунун авторлору.

Белгиленгендей, ассоциация кырдаалды анализдеп, рынокто мониторинг жүргүзгөн, алар төмөнкү жыйынтыктарды көрсөткөн:

  • КР мыйзамдары жеке субъекттерге инвестицияларды тартуу укугун бергендиктен, жарандардын жеке жана карызга алган каражаттарынын эсебинен беш жеке спирт заводу курулуп жана иштетилип келген.
  • Бул сегментти мамлекет тарабынан монополизациялоо практикасы (республика мындан 2010-жылы баш тарткан) ишкерлердин көпчүлүк бөлүгүнүн абалын начарлаткан – алардын укуктары жана кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, бюджеттин киреше бөлүгү толукталган эмес.
  • Жарлыктын күчүнө кириши инвестициялык климатка да, заводдордун ишине да терс таасирин тийгизет, алардын банкрот болушуна же өндүрүштүн жабылышына алып келет.


«КР Конституциясынын 17-беренесинде мамлекет мыйзамдарда белгиленген тартипте инвестицияларды жана инвесторлорду коргоого кепилдик берет деп айтылган. Мындан тышкары этил спиртин өндүрүүнү монополиялаштыруу сөзсүз түрдө коррупциялык элементтерге, сапатсыз продукцияны чыгарууга алып келет», – деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жооптуу тараптарга административдик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте социалдык тармакта жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо