Кыргызстанда лицензиясыз акча алмаштыруу көбөйдү

Кыргызстанда лицензиясыз акча алмаштыруу көбөйдү

Кыргызстанда Улуттук банктан алган лицензиясы жок, ошондой эле атайын жабдылган пункттардан тышкары чет өлкө валютасын алмаштыргандар көбөйдү. Бул тууралуу регулятордун билдирүүсүндө айтылган.

Улуттук банк лицензиясыз валюта алмаштыруу мыйзамсыз экенин эске салып, мындай операциялар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

КР Улуттук банкынан лицензиясы жок адамдардын чет өлкө валютасын алмаштыруусу көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартып, өлкөгө зыян келтирет. Мындан тышкары, жеке адамдар тарабынан жабдылбаган пункттарда алмашуу операцияларын жүргүзүү тоноо же алдамчылык сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Улуттук банктын пикири боюнча, валютаны Улуттук банктын лицензиясы бар банктарда, микрофинансылык уюмдарда жана алмашуу бюролорунда алмаштырган оң. Анткени коюлган талаптардан улам алар коопсузураак болуп эсептелет.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

Кытайдан мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаалар аныкталды

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын аткезчиликке жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кытай Эл Республикасынан “О. А.Ю.Х.С.” ЖЧКсынын дарегине алып келинген “HOWO” 371 үлгүсүндөгү 12 жүк ташуучу автоунаанын идентификациялык номерлеринин өзгөртүлгөндүгү аныкталды. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, көзөмөлдөөжүргүзүүнүн жүрүшүндө “Кант” БТЖсында аталган транспорт каражаттарынын шассилеринин идентификациялык номерлеринин

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштанды маселесине байланыштуу мэрияга чара көрүлдү

Токмокто таштандыга байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталып, жооптуу тараптарга административдик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте социалдык тармакта жарыяланган маалыматтын негизинде жеринде текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Экологиялык таза жылытуу: 6% менен 5 жылга чейин насыя берилет

Бишкек шаары жана Чүй облусунда жеке менчик үйлөрдүн ээлерине экологиялык таза жылытуу системаларын орнотуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү уланууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинин долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди. Маалыматка ылайык, жарандар жылуулук насосторун жана энергияны үнөмдөөчү башка жабдууларды сатып алып, орнотууга жылдык 6% менен беш жылга чейин 1 млн сомго

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо