Финансы министри кандай айлык аларын айтты

Финансы министри Алмаз Бакетаев Economist.kg-ге айлык маянасы тууралуу айтып берди.

Министрдин айтымында, анын айлыгы 42 миң сомду түзөт. Ал төлөмдөр жана жөлөкпулдар системасы жөнгө келтирилгенин айтты, болбосо мурда ким канча алат экени белгисиз болчу.

Эмгек акы фонду кепилденген бөлүктөн, башкача айтканда, эмгек акыдан, компенсациялык жана кызыктыруучу бөлүктөн турушу керек. Бул бөлүктөрдүн катышы 60-70% жана 40-30% болушу керек, деп түшүндүрдү Бакетаев.

«Мугалимдер бул системага биринчилерден болуп кирген. Башкача айтканда, алар иштеген сааттары, тажрыйбасы жана жетишкендиктери үчүн айлык алышат. Бүгүнкү күндө орточо стажы бар мугалим 33-35 миң сом алат. Мен, финансы министри, алардан бир аз көбүрөөк – 42 миң сом алам», – деди ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды