Оңдоо иштерине байланыштуу Төө-Ашуудагы тоннелде кыймыл чектелет - график

22-июлдан 27-июлга чейин Бишкек-Ош жолундагы Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Күз-кыш мезгилине карата оңдоо жана калыбына келтирүү даярдык иштери жүргүзүлөрү айтылды.

22-июлда өтмөк бул убактарда жабылат:

  • 4:00дөн 6:00гө чейин
  • 10:00дөн 12:00гө чейин
  • 14:00дөн 16:00гө чейин
  • 23-27-июлда өтмөк бул убактарда жабылат:
  • 23:00дөн 1:00гө чейин
  • 2:00дөн 04:00гө чейин

Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болот. Ведомство айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү мындай аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды