Temirov Live: Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын демөөрчүсү ири тендерлерди утуп алып жатат

Temirov Live: Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясынын демөөрчүсү ири тендерлерди утуп алып жатат

Temirov Live телеканалынын журналисттери кезектеги иликтөө жүргүзүп, президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановго тиешеси бар компания мамлекеттик ири тендерлерди утуп ала баштаганын айтышты. Kloop-тун редакциясы иликтөөнүн тексттик версиясын чыгарган.

Иликтөөчүлөр Буркановго тиешеси бар «Евразия-Строй Сервис» курулуш компаниясынын директору Ильязбек Апызов 2020-жылы ошол кездеги президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 5 млн сом которгонун эске салган. Бурканов менен «Евразия-Строй Сервис» компаниясынын байланышы бар экенин «Ачык бюджет» сайты да тастыктаган: анда Бурканов жана анын туугандары компаниянын салыктарын төлөгөнү жазылган.

Апрель айында Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академия (КММА) котлован казуу үчүн 3.9 млн сомдук тендер жарыялаган. Аны жыйынтыгында «Евразия-Строй Сервис» компаниясы утуп алганын иликтөөчүлөр белгилешти.

Кийин ошол эле курулуш компаниясы Баткен шаарындагы КММАнын окуу-медициналык комплексин куруу боюнча тендерди утуп алган. Анда болсо 82 млн сомго тендер жарыяланган. Жаңы объекттин курулушуна капсуланы 28-июнда Баткен облусуна болгон иш сапарында президент өзү салган.

«Евразия-Строй Сервис буга чейин да тендерлерди утуп келген, бирок эң көбүндө 3 млн сомго чейин, андан ашкан эмес. Бирок бул жагдай компанияга [82 млн сомдук объектти куруу боюнча] тендерди утуп алууга тоскоол болгон жок», — дешет Temirov Live каналынын журналисттери.

Алар ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берген президенттин үйү азыр Бурканов менен Апызовдун жакындары менен байланышы бар Гүлнара Таракуловага таандык экенин аныкташкан. Бул үйдү МИК үстүбүздөгү жылдын май айында 28 млн сомго саткан. Анда сатып алуучу атын атагысы келбегени айтылган эле.

Таракулова «Кыргыз жери» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Бул партия менен ал Имамназар Бурканов менен бирге 2021-жылы Баткен шаардык кеңешине депутаттыкка көрсөтүлгөн. Кошумчалай кетсек, бул партиянын тең негиздөөчүлөрүнүн бири Илязбек Апызов.

Бурканов деген ким?

Арзыбек Бурканов. Социалдык тармактардан алынган сүрөт.

Арзыбек Бурканов Бакиевдин “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңештин III чакырылышынын экс-депутаты. 2011 жана 2012-жылдары Бурканов Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болгон. Ал эми 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясына мүчө болуп кирген. Бурканов Садыр Жапаровдун жакын досу.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 2021-жылдын апрелинде Буркановдун өлкөдө таасири чоң экенин айткан.

«Бурканов менен Гайпкулов – бул өзүнчө, Жапаровдун жакындарынын эң таасирдүү тобу. Резюме көтөргөндөрдүн баары [кайсы бир кызматты ээлөө үчүн] ошолорго чуркап барышат. Азыр Өкмөт үйүнө барсаң, Буркановдун кабыл алуучу бөлмөсүндө премьер-министрдикинен да көп адам отурган болот. Эгер папкалары, резюмелери менен шайлоого жөнөгөн чиновниктер кайсы жерде көбүрөөк экенин салыштырып көрсөк, Кыргызстанда бардык маселелерди ким чечип жатканын түшүнсө болот», – деген Акаев ошондо.

*Искендер Гайпкулов Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Азыр ал БШКнын мүчөсү.

Буркановдун кримавторитет Камчы Көлбаев менен мамилеси бар: 2013-жылы ал аны алты жылдан бери биле турганын айткан. Буга чейин Бурканов жана башка ишкерлер акча талашын чечип берүү өтүнүчү менен Көлбаевге «аксакал» катары кайрылышканда, экөөнүн ортосунда чыр чыккан.

Ошондой эле Бурканов 2013-жылы кыймылсыз мүлккө байланыштуу Камчы Көлбаевдин ишинде күбө катары өткөн. Ошол эле иште Садыр Жапаровдун аты кыйыр түрдө аталган.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен