Өзбекстан Сокулукта автозавод ачат

Өзбекстан Сокулукта автозавод ачат

Кыргызстан менен Өзбекстан өзбек автоунааларын чогултуу үчүн жаңы автозаводду Чүй облусунун Сокулук районунда курууну чечишти. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Маалым болгондой, учурда Кыргызстанда ишканага салык салуу жана ага жеңилдиктерди берүү маселеси каралууда.

«Биз ЕАЭБге мүчө болгонубузга байланыштуу бул процесс бир аз татаалдашып жатат, анткени бул маселе боюнча уюмдун башка өлкөлөрү менен макулдашып алышыбыз керек. Ишкананын жайгашчу жери аныкталды. Бул Чүй облусунун Сокулук району болот. Азырынча ишке киргизүүнүн так датасы белгилене элек, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», – деди экономика министри Данияр Амангелдиев жакында Ташкентке барган иш сапарында.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин «Узавтосаноаттын» өкүлдөрү Кыргызстан өндүрүштү кеңейтүү үчүн артыкчылыктуу рыноктордун бири экенин билдиришкен, анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан автотранспорттук коридору тетиктерди ташуу убактысын кыскартып, Кыргызстанда автоунааларды чогултуу арзаныраак болот.

Кошумчалай кетсек, өзбек тарап Кыргызстанда биринчи болуп Nexia R3 үлгүдөгү унаа чогултуларын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына кологиялык талаптарды бузганы үчүн 2 протокол түзүлүп, 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча