Быйыл туризм тармагынан дээрлик 50 млн доллар түшкөн - ИДПдагы үлүшү 2.9%

Быйыл туризм тармагынан дээрлик 50 млн доллар түшкөн - ИДПдагы үлүшү 2.9%

2022-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше 49.5 млн долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында Маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, туризм секторунан түшкөн киреше 82%га өскөн.

«2022-жылы туризм тармагынан түшкөн киреше 49.5 млн долларды түзүп, анын ИДПдагы үлүшү 2.9%га жетти. Өткөн жылдын ушул мезгилинде тейлөө тармагынан түшкөн киреше 27.1 млн долларды түзгөн эле», – деди Жаманкулов.

Ошондой эле ал жыл башынан бери Кыргызстанга алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 3 млн 823 миң турист келгенин, туризм тармагындагы негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 584.8 млн сомго жеткенин жана бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.5%га көп экенин кошумчалады.

Анын ичинен:

  • Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдөн — 49.5 млн сом түшкөн, былтыркыга салыштырмалуу 82%га көп.
  • Туризмге салынган инвестиция — 584.8 млн сом болгон, былтыркыга салыштырмалуу 10%га көп.
  • Туристтерди ташуудан түшкөн акча — 1 млрд 932 сом, соода-сатык — 3 млрд 901.3 млн сом, тамак-аш — 1 млрд 717 млн сом, туристтк агенттиктер — 291.6 млн сомду түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала