Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн жарым жылда 628 млн сом алышты - Кепилдик фонд

Ишкер айымдар бизнесин өнүктүрүү үчүн жарым жылда 628 млн сом алышты - Кепилдик фонд

Алты ай ичинде Кепилдик фонду ишкер айымдарга дээрлик 145 млн сомго 73 кепилдик берип, 628 млн сомдук кредиттик каражатты алууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан фонд иштеп баштагандан бери 800дөн ашык ишкер айым 1.1 млрд сомдон ашык суммага кепилдик алышкан, ал эми насыянын көлөмү 3.7 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн.

“Курулуш бизнеси менен алектенген 105 млн сом насыя алуу үчүн кайрылган айымдарга 30 млн сомго жакын кепилдик колдоо көрсөтүлгөн. Транспорт тармагында бизнеси бар айымдар болсо 47.3 млн сом, фонддун колдоосу менен 15 млн сом насыя алышкан”, – деп айтылат маалыматта.

Улутстаткомдун маалыматы боюнча, юридикалык жак катары катталган кичи жана орто ишканалардын жетекчилеринин арасында аялдардын үлүшү кичи ишканаларда 30%, орто ишканаларда 43.5%ды түзөт. Жеке ишкерлердин арасында аялдардын үлүшү 35%ды, дыйкан чарбалардын башчылары 19.6%ды түзөт

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен