Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин келет - бул былтыркыдан 88 литрге аз

Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин келет - бул былтыркыдан 88 литрге аз

Кыргызстанда орточо айлык акыга 267 литр бензин сатып алса болот. Бул тууралуу Picodi сервисинин аналитиктери дүйнөдөгү бензиндин баасын изилдеп чыгып айтышты.

Алардын маалыматы боюнча, КРда үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин бензиндин орточо баасы 2.3%га — 64.5 сомдон 66 сомго чейин жогорулаган. Ошол эле учурда бир айлык маянага азыр 88 литр күйүүчү май сатып алууга болот, же былтыркыдан 24.7%га аз.

Ошол эле учурда Россияда орточо айлыкка – 1011 литр, Казакстанда – 1102 литр, Өзбекстанда – 290 литр сатып алса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ошто мал базарларда ветеринардык талаптар текшерилди

Ош облусундагы мал базарларда 17–24-август күндөрү ветеринардык көзөмөл жүргүзүлүп, жарандарга санитардык эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө сатууга алып келинген малдардын ветеринардык коштомо документтери жана эн тамгалары текшерилди.

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен