Кыргызстандык «Куликовский» кондитердик үйү Ташкентте дароо эки дүкөнүн ачты

Кыргызстандык “Куликовский” фирмалык дүкөнү июнь айынын аягында Ташкенттин Чиланзар районундагы «Магнум» соода борборунда ачылды. Бул тууралуу uznews.uz порталы билдирди.

Ошондой эле маалыматта көп күттүрбөй эле июль айында Шайхантахур районунда дүкөндүн экинчи түйүнү пайда болгону айтылат.

“Куликовский” кондитердик фабрикасынын атактуу кондитердик тамак-аштары менен десерттерин азыр ташкенттиктер даамдап тата алышат. Чиланзар районундагы Magnum соода борборунда белгилүү бренддин алгачкы таттуу дүкөнү ачылды. Жакында эле компания Шайхантахур районунда дагы бир түйүнүн ачып, фирмалык дүкөндөрү менен дагы эки райондун тургундарын кубандырууну пландап жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Ташкенттин башка эки районунда бир эле учурда “Куликовский” үйүнүн дагы эки фирмалык дүкөнү ачылмакчы.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Токтогул шаары 5,3 млн сомго таштанды ташуучу унаа сатып алды

20-ноябрда Бишкектин кээ бир аймактарында суу берилбейт

Кыргызстан менен Казакстан салык тармагындагы кызматташтыкты талкуулады

Улуттук банк 1 коммерциялык банкка 5 миң 354 сом айып пул салды

Кыргыз-өзбек чек арасында бажы-логистикалык терминал ачылды