Оштогу абакта самын өндүрүүчү цех иштеп жатат - жарым жылда 9 миң кг чыгарган

Оштогу абакта самын өндүрүүчү цех иштеп жатат - жарым жылда 9 миң кг чыгарган

Оштогу №42 жатак абагындагы жаңы ачылган цехте алты айда 9 миң кг кир самын чыгарылган жана ал мекеменин керектөөсүн толук жабат. Бул тууралуу «Т-Медиа» порталы билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова аталган порталга билдиргендей, жатак абакта кир самын чыгаруучу цех быйыл январда ишке кирген. Андагы өндүрүлгөн самындар мекеменин өз керектөөлөрүнө иштетилүүдө.

«Өндүрүлгөн товар өзүбүздүн ЦИЗОго, Жалал-Абаддагы бөлүмдөргө таратылды. Биз буга чейин самынды башка керектөөлөрүбүздөй эле тендер жарыялап сатып алчубуз. Азыр ага бөлүнгөн акчаны жумуш орун кылып, цехте иштегендерге айлык акы катары берип жатабыз», — деген Сабатарова.

Учурда цехте 4-5 адамга жумуш орун түзүлүп, туруктуу маяна төлөнүп турат. Мекеме ал жерди чакан ишканага айлантып, өзүнүн керектөөлөрүнөн арткан товарды сатыкка чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону пландоодо.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала