Донорлордун жардамы менен Кыргызстанда ондой вирусологиялык лаборатория, перинаталдык борборлор курулууда

Донорлордун жардамы менен Кыргызстанда ондой вирусологиялык лаборатория, перинаталдык борборлор курулууда

Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулат. Бул тууралуу Cаламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Каракол, Талас шаарларында 5 вирусологиялык лаборатория ишке берилген.

Эми Баткен, Кадамжай, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокенде курулуп жаткан имараттардын курулуш иштери аяктоо стадиясында турат жана июль айынын аягында ишке берүү пландалууда.

Ислам Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен Кыргызстанда 10 жаңы вирусологиялык лаборатория курулат. Анын бешөө курулуп бүтүп ишке берилген, калганы жылдын аягына чейин бүтүрүлөт”, – деди ал.

Белгилей кетсек, аталган лабораториялар ПЦР боюнча коронавирус жана башка инфекцияларынын диагностикасын жүргүзөт.

Ошондой эле Касымбеков Ошто бюджети 13 млн еврону түзгөн жана Таласта 6 млн евродон турган перинаталдык борборду куруу жана жабдуу пландалып жатканын, алар гранттык каражаттарга салынарын кошумчалады.

Германия өнүктүрүү банкынын жардамы менен Ош, Талас, Бишкек шаарларында перинаталдык борборлор курулат. Алардын бюджети 13 млн евро, бул таза гранттык каражат. Ошондой эле Бишкекте кургак учукка каршы оорукананын курулушу аяктады, эмерек, жабдууларды алуу боюнча тендер ушул жылы өтөт”, – деди Cаламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу.

Мындан тышкары окуңуз

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Сапаттуу билим алуу DemirBank менен мүмкүн – 0% пайыздык окуу насыясы

Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт. DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок жолуна асфальт төшөлүүдө

Чүй облусундагы Кемин – Шабдан – Көк-Ойрок автомобиль жолунда эки тараптуу асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, аталган жолдун 5 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Учурда №32 Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан жол куруу иштери кызуу темпте жүргүзүлүүдө. Ишке 30га жакын

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте 285 жумуш орду түзүлө турган үч ишкана ачылат

Бишкекте "100 өнөр жай ишканасы — 2026" программасынын алкагында жаңы өндүрүш объектилерин ишке киргизүүгө даярдык жүрүүдө. Алардын даярдыгын 25-августта шаар мэри Айбек Жунушалиев текшерди. "КыргызТрансформатор" ЖЧКсында күч трансформаторлорун чыгаруу пландалууда. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, жабдуулар орнотулду. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 миң трансформаторду түзүп, 50гө

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте өзгөчө балдар үчүн ат үстүндөгү терапия уюштурулууда

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иппотерапия боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Сабактар 25-июндан 15-сентябрга чейин Ататүрк атындагы сейил бакта өтөт. Аларды спорт инструкторлору өткөрүп, балдар ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосунда катышат. Маалыматка ылайык, күн сайын иппотерапия сабактарына орточо 10–15 бала